Радио

Чокоева: "Көчмөндөр жолу" мотожүрүшүнүн катышуучулары Ысык-Көлгө бет алат

Жүрүшкө чыккандар Ошко келип, Сулайман-Тоо археологиялык музей комплекси менен таанышты.
Sputnik
Чокоева: "Көчмөндөр жолу" мотожүрүшүнүн катышуучулары Ысык-Көлгө бет алат

"Көчмөндөр жолу" мотожүрүшүнүн катышуучулары Ысык-Көлгө бет алышат. Бул тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын маалымат катчысы Бегимай Чокоева билдирди.

Анын айтымында, жүрүшкө чыккандар Ошко келишти.

Катчылыктын өкүлү Айжан Абдесова билдиргендей, Кыргызстан мотоциклисттер коому Борбордук Азия мотоциклисттер ассоциациясы жана Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мотоклубдары менен биргеликте жыл сайын "Көчмөндөр жолу" эл аралык мотожүрүшүн уюштуруп келет.

"Мотожүрүш Улуу Жибек Жолу менен Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтөт. Максаты достук, биримдикти бекемдөө менен Борбордук Азиядагы мотомаданиятын илгерилетүү болуп саналат. Учурдагы мотожүрүш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулган. Кыргызстан мотоциклисттер коому менен Борбордук Азия мотоциклисттер ассоциациясы Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоп келе жатат", — деди Чокоева.

Мотожүрүштун катышуучулары Ысык-Көлгө Бишкек шаары аркылуу өтөт.