Радио

Жапаева: жаран иш учурунда жабыркаса сөзсүз акт түзүлүшү керек

Улуттук госпиталдын гастроэнтерология бөлүмүнүн профтолог дарыгери Гүлмира Жапаева өлкөдө профтологго көбүнчө шахтада иштегендер кайрыларын айтты.
Sputnik
Жапаева: жаран иш учурунда жабыркаса сөзсүз акт түзүлүшү керек

Жаран иш учурунда жабыркап, ден соолугуна зыян келсе сөзсүз акт түзүлүшү керек. Мындай документсиз ооруканага кабыл алынбайт. Бул тууралуу Гүлмира Жапаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде жарандардын кесиби аркылуу ден соолугуна зыян келген учурда дарылануусу тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикада зыяндуу заттар менен иштеген ишкананын кызматкерлери жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп турушат. Ошол жерден аныкталган оорусуна жараша дарылоо курстары белгиленет.

"Кызматкерлер бизге кайрылаарда дарыгердин багыттамасынан сырткары паспортун, эмгек китепчесин да ала келиши керек. Анткени иштеген стажысына карап, дарылоо белгиленет. Кээ бир адамдар жумушка жаңы кирип эле мен зыяндуу жерде иштегениме байланыштуу дарыланышым керек деп чыгышат. Анын кесепетинен мурдатан бери иштеп келе жаткандар калып калат. Мындан улам документтерин тыкыр текшеребиз. Ал эми жумуш учурунда кырсыкка кабылган кызматкерлер сөзсүз түрдө түзүлгөн акт менен келиши керек", — деди Жапаева.

Ал бардык эле кесип ээлери профтологго кайрыла аларын кошумчалады.