Франциянын футбол курама командасы перулуктарды жеңип алды

Эки команда Екатеринбург шаарында кез келди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Франциянын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында өтүп жаткан группалык этаптын алкагында Перуну 1:0 эсебинде жеңип алды. 

1 / 3
Франциянын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында өтүп жаткан группалык этаптын алкагында Перуну 1:0 эсебинде жеңип алды
2 / 3
"С" тобундагы оюнчулардын кармашы бейшемби күнү Екатеринбург шаарында өттү
3 / 3
Беттештин 34-мүнөтүндө франциялык Клиан Мбаппе каршылаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсеп оюн соңуна чейин өзгөргөн жок.

"С" тобундагы оюнчулардын кармашы бейшемби күнү Екатеринбург шаарында өттү. 

Беттештин 34-мүнөтүндө франциялык Клиан Мбаппе каршылаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсеп оюн соңуна чейин өзгөргөн жок. Ошентип Франция командасы мелдештин 1/8 бөлүгүндө ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.