Дүйнөнүн сырдуу аралдарынан тартылган 8 сүрөт. Түрмө музей, эсти чыгарган куурчак

Sputnik

Бул сүрөт түрмөгүнөн адаттан тыш аралдарды көрө аласыз.

1 / 8
Сокотра аралы. Бул жер миллион жыл мурда кандай болсо азыр да күнү бүгүнкүдөй сакталган. Башка аймактар менен чектешпегендиктен ал жерди байырлаган жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөнүн төрт бурчунда кездешпейт. Бул жердеги жашоо 6 миллион жыл мурда кандай болсо ошол бойдон сакталган деген ишеним бар. Арал Индия океанында жайгашып, Йеменге таандык.
2 / 8
Мексиканын деңиз жээгинде жайгашкан бул аралда керектен чыккан куурчактар чогултулган. Анткени аралга жакын жерде кичинекей кыз чөгүп кеткен. Тургундар анын арбагы ыраазы болсун деп куурчактарды алып келишкен. Ошондон бери арал жараксыз куурчактардын жерине айланган.
3 / 8
Америкадагы Сан-Франциско шаарынын жанында жайгашкан Алькатрас аралы учурда эл көп келген жерлердин катарын толуктайт. Бирок бул аймак учурунда аскер форту, кийин коркунучтуу кылмышкерлер үчүн түрмө болгон. Жаза мөөнөтүн өтөгөндөргө "тынчтык саясатын" колдонушкан. Башкача айтканда, соттолгондор үн чыгарууга укуксуз болгон. Мындай жаза көпчүлүктү акылдан айныткан. Учурда бул жер музей катары колдонулат.
4 / 8
Франциянын жээгинде жайгашкан Боярд Форт телеоюндун негизинде атактуу болгон. Сыртынан катаал көрүнгөнү менен бул аймак авантюра издегендердин сүйүктүү жайына айланган.
5 / 8
Япониянын Окуносима аралында бир кезде химиялык куралдарды чыгаруучу лаборатория болгон. Бирок бул жерди байырлаган жаныбарлар аралды элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жерге айланткан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аралдагы бардык иштер токтотулуп, лабораториялык коёндор гана калган. Убакыттын өтүшү менен коёндор аябай көбөйүп, аралды басып кеткен. Азыр туристтер бул жерге коёндорго тамак бериш үчүн атайын келишет.
6 / 8
Япониянын Тасиро аралы да жалаң мышыктардын жери болуп саналат. Учурунда дыйкандар кампалардагы чычкандар менен күрөшүү үчүн мышык бага башташкан. Азыр мышык бул аралда сыйкырдуу күчкө ээ болгон жаныбарга айланган.
7 / 8
Багам аралдарынын бир бөлүгүн кадимки эле чочколор ээлеп алган. Бул жаныбар аралга кантип келип калганы ар бир киши үчүн кызыктуу. Аралды байырлаган чочколор сууда сүзүп, кайык менен ары-бери сейилдеген туристтерден тамак "сурап" жешет экен.
8 / 8
Сенегалдын жанындагы Фадиут аралы жалаң үлүлдүн кабыгынан пайда болгон. Аралдын пайда болушу тууралуу уламыш да бар. Ага ылайык, океандын жээгинде жашаган балыкчылар моллюск жеп, кабыгын деңизге ыргыта берип арал пайда болгон. Жашоочулар үлүлдүн кабыгынан үй да салышат.