Дания менен Австралиянын футбол курама командалары тең чыкты

26-июнь күнү Австралиянын курама командасы перулуктар менен беттешсе, ошол эле күнү даниялыктар Франциянын командасы менен кез келет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Дания менен Австралиянын футбол курама командалары Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында өтүп жаткан группалык этаптын алкагында беттешип тең чыкты.

"С" тобундагы оюнчулардын кармашы бейшемби күнү Самарада өтүп, 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

1 / 2
Даниялык Кристиан Эриксен оюндун 7-мүнөтүндө дарбазага топту киргизсе...
2 / 2
...австралиялыктар 38-мүнөттө пенальти тээп эсепти теңеди

Даниялык Кристиан Эриксен оюндун 7-мүнөтүндө дарбазага топту киргизсе, австралиялыктар 38-мүнөттө пенальти тээп эсепти теңеди.

Австралиянын курама командасы 26-июнь күнү перулуктар менен беттешсе, ошол эле күнү даниялыктар Франциянын командасы менен кез келет.