Радио

Кутманова: бак тигүүдө четтен келгенине эмес, багуусуна көңүл буруу керек

Көз карандысыз эксперт-эколог Динара Кутманова Бишкектеги эмен бактары көп жылдардан бери күбө көпөлөгүнөн жапа чегип келерин айтты.
Sputnik
Кутманова: бак тигүүдө четтен келгенине эмес, багуусуна көңүл буруу керек

Бак тигүүдө четтен келгенине кызыкпай, багуу иштерине көңүл буруу керек. Убагында сугарылып, каралса, тескерисинче, өзүбүздүн питомниктерде өстүрүлгөн көчөттөр климатка чыдамкай келишет. Мындай пикирин Динара Кутманова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде экологиялык көйгөйлөр тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясы жашылдандырууну бир эле ишканага жүктөп койбой, район, жаңы конуш башчылары менен биргеликте иш алып баруусу зарыл.

"Советтер Союзу учурунда борбор калаабызда бир жашоочуга отуз квадрат метр жашыл аймак туура келсе, азыр ал он эсеге кыскарып кеткен. Албетте, бул калктын санынын өсүшүнө да байланыштуу, бирок шаар бийлиги аны эсепке алып жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Көчөт отургузаарда аны сырттан алып келүүгө ашыкпай, ошол бактарды тигүү, багуу иштерин мыктылап уюштуруп алса, иш натыйжасын берет. Ошондой эле ар бир бакты каттап, эсепке алуу зарыл. Өлкөнүн башка шаарларында дагы абал жакшы эмес. Биз шаарларыбыздын экологиясына тиешелүү деңгээлде маани бербей жатабыз" — деди Кутманова.

Ал жаратылышты коргоодо коомчулукту да активдүү болууга чакырды.