Уругвай Сауд Аравиясын жеңип алды

Оюн Ростов-на-Дону шаарындагы "Ростов Арена" стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык беттештеринде Уругвай Сауд Аравиясын 1:0 эсебинде утуп алды. 

Эсепти биринчи таймда Луис Суарес ачты. Анын таамай соккусу команданы алдыга алып чыкты. Ошентип Уругвайдын курама командасы 1/8 оюндарына чыкты.

Уругвай менен Сауд Аравиясы "А" тайпасында.

Беттеш Россиянын  Ростов-на-Дону шаарындагы "Ростов Арена" стадионунда өтүп, оюнга франциялык калыс Клеман Турпен көз салып турду.