Жүрөк үшүн алган видеону Caters TV сайты өзүнүн YouTube тармагындагы каналына жүктөдү. Анда көрүнүп тургандай чоң толкун спортчуну басып кала жаздап, бирок ал качып кетүүгө жетишет.
Видеонун автору жазганына караганда, ал күнү аба ырайы бүркөлүп, деңизде шторм болуп жаткан. Ошондой эле толкундун бийиктиги 30 метрге жеткени айтылды.
Эске салсак, өткөн айда бразилиялык серфер Родриго Кокса 25 метрлик толкундан сүзүп, дүйнөлүк рекордду жаңырткан.