БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жасалма интеллект салынган Саманта аттуу роботту эгер "маанайы начар болсо" төшөк мамилесинен баш тартууга үйрөтүштү. Бул туурасында Mirror басылмасы кабарлады.
Аны түзгөндөр куурчакка атайын өтө эле орой же "урмат-сыйы" жок мамиле менен кармаганды сезген атайын тетиктерди орнотушкандыгын айтып беришкен.
Ал жансыз болсо да адамдардай болуп чечим кабыл алып, маанайын романтикалык же үйдө жүргөндөй жай жана андан сырткары кумарлуу болуп өзгөртө аларын айтышты.
Азыр бул термир кыз жалгыз, ал эми жакынкы арадан баштап 300 миң рублдин тегерегинде (325 500 сом) бир топ Саманталар чыгат.
Анткен менен төшөк рахатын тартуулай турган роботторго суроо-талаптын күчөп жатканына карабастан Шеффилд университетинин профессору Ноэль Шарки ага тыюу салуу керек деген пикирин билдирген.