Адамдын нервин калыбына келтирүүгө болот. Бул тууралуу Чоро Токтомушев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, киши мээсинин 20-30 пайызы өмүр бою иштебей келет.
"Нерв оорусун калыбына келтирсе болбойт деген түшүнүк туура эмес. Аталган дартты айыктырууга оорунун даражасына карата атайын шарттар түзүлгөн. Изилдөөлөргө таянсак, адам мээсинин 20-30 пайызы өмүр бою иштебей келет. Жабыркаган клеткалардын ордуна мына ушул иштетилбей келген нерв клеткаларын жандантууга болот. Жакшылап дарылоо менен бул ооруну сакайта алабыз", — деди Токтомушев.
Ал адамдарды сабырдуу болууга, колдон келишинче нервди сактоого чакырып өттү.