Радио

Өмүрбеков: балага майда бөлүктөрү бар оюнчук сатып берүүдө сак болуу керек

Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков оюнчуктардын батарейка же башка майда бөлүкчөлөрү зыяндуу экенин айтты.
Sputnik
Өмүрбеков: балага майда бөлүктөрү бар оюнчук сатып берүүдө сак болуу керек

Балдарга майда бөлүктөрү бар оюнчуктарды сатып берүүдө сак болуу керек. Анткени кичинекей наристелердин эмнени болсо да оозуна салып көрүү рефлекси бар. Мындай пикирин Талант Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала майда бир нерсени жутуп алганда терең-терең дем алып баштайт. Мындай учурда жутулган тетик курсагына эмес, өпкөсүнө кетип калышы мүмкүн.

"Кичинекей балдар көбүнчө өз оюнчуктарынын бир тетиктерин жутуп алышат. Ал айрым учурда кызыл өңгөчкө эмес, өпкөгө туруп калат. Ошол маалында эч нерсе билинбейт, бала да кадимкисиндей ойноп жүрө берет, бирок бир нече күндөн кийин өпкө дартын пайда кылат", — деди Өмүрбеков.

Ал ата-энелер балдарына сатып берип жаткан оюнчукка жакшылап көңүл буруусу керектигин кошумчалады.