БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Таш-Дөбө айылында 4 жашар кызды коюп кетип из жашырган айдоочу кармалганын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, жол кырсыгы 19-июнда катталган.
"Кечээ кечки саат 18:00дөр чамасында 37 жаштагы тургун кайрылып, үйүнүн жанынан кичинекей кызды коюп, из жашырган айылдашына чара көрүү боюнча арыз жазган. Наристенин дене-башы сыйрылып ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.
Баткен облустук милициясы кызды коюп кетти делген Таш-Дөбө айылынын 45 жаштагы тургунун кармады. Ал Toyota Ipsum үлгүсүндөгү автоунаа айдап жүргөн. Бардык материалдар Кадамжай райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди.