БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга кыргыз паспортун бергени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө карганда, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты каттоо жана паспорт бөлүмүнүн кызматкери 2014-жылы Тажикстандын эл аралык өздөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу жаранына жалган ысым жазылган паспорт жасап берген.
"Ал документтин негизинде Жураевге 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы паспорт берилген. Өз мекенинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерполдун издөөсүнө алынган бул кишини былтыр Украинада кыргыз паспорту менен кармашкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Анын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты каттоо жана паспорт бөлүмүнүн кызматкери убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.