Радио

Жаманкулова: биздин лицейде бюджеттик орундар үч күндүн ичинде толот

Бишкек шаарындагы №10 кесиптик лицейдин директору Саадат Жаманкулова учурда ашпозчулукка суроо-талап абдан жогору болуп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Жаманкулова: биздин лицейде бюджеттик орундар үч күндүн ичинде толот

Биздин лицейде бюджеттик орундар үч күндүн ичинде толот. Жылына 360 окуучу кабыл алынат. Бул тууралуу Саадат Жаманкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде кесиптик окуу жайлар тууралуу маек куруп жатып билдирди.

"№10 кесиптик лицейинин тарыхы терең, окуу базасы мыкты. Жаңы курулган төрт лабораториябыз бар. Ашпозчулук менен кондитер адистигине окууну каалап келгендердин саны арбын болот. Өзгөчө бюджеттик орундарга 1-июлдан баштап 2-3 күн эле сынак алып жетишебиз, бат эле толуп калат. Окуу мөөнөтүбүз 9 ай жана 3 ай практикадан өтүшөт. Бүтүрүп чыккан соң КМШ мамлекеттеринде жарай турган дипломдун ээси болушат. Ал эми келишимдик негизде окууну каалагандар үчүн акысы 17 000 сомду түзөт", — деди Жаманкулова.

Ал ошондой эле каалоочулар үчүн кыска мөөнөттүк курстар да бар экенин кошумчалады.