БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча XI Республикалык турнир өтөт. Бул туурасында FOFINGO спорттук агенттигинен билдиришти.
Мелдеш кыргыз күрөшү боюнча алгачкы абсолюттук чемпион Турат Мазиевдин сыйлыктары үчүн уюшулуп, 23-июнь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү.
Турнирге Кыргызстандын балбандарынан сырткары төрт өлкөнүн спортчулары катышып, алты салмак категориясында (60, 66, 74, 84, 96 килограмм жана 96 килограммдан өйдө) күч сынашат.
Уюштуруучулар — Спорттун улуттук түрү боюнча дирекция жана КРдин Кыргыз күрөш федерациясы.
Алдыңкы орунду ээлеген спортчулар диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.