Ош шаарында бир жаштагы бөбөк каналга агып кетти

Кырсык кечээ кечинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош шаарында агып жаткан каналга түшүп кеткен бир жаштагы бала чарчап калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 19-июнь күнү кечинде "Достук" кичирайонунда болгон. Куткаруу кызматына билдирүү саат 19.19да түшкөн.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, баланын сөөгүн каналдан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.