Баткенде селдин кесепеттери жоюлуп, калкка суу берилди. Сүрөт

Июнь айынын ортосунда катуу жааган жамгырдан улам Баткен облусунун бир катар аймактарында сел жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Баткен шаарында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, беш турак үйдүн ичи толук жана 150 метр канал тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Баткен шаарында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, беш турак үйдүн ичи толук жана 150 метр канал тазаланды
2 / 4
Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында сел өтүүчү сайдын 120 метр аралыгы тазаланып, Чоңгара, Зарташ, Актурпак айылдарын таза жана сугат суу менен камсыз кылган канал калыбына келтирилип, калкка суу берилди
3 / 4
Ошондой эле тазалоо иштери Самаркандек, Дара, Жаңы-Жер айылдарында жүргүзүлдү. Андан сырткары, Ак-Татыр айыл аймагындагы Рават айылында 100 метр жердеги ички чарбалык арыктар тазаланды
4 / 4
Селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат.

Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында сел өтүүчү сайдын 120 метр аралыгы тазаланып, Чоңгара, Зарташ, Актурпак айылдарын таза жана сугат суу менен камсыз кылган канал калыбына келтирилип, калкка суу берилди.

Ошондой эле тазалоо иштери Самаркандек, Дара, Жаңы-Жер айылдарында жүргүзүлдү. Андан сырткары, Ак-Татыр айыл аймагындагы Рават айылында 100 метр жердеги ички чарбалык арыктар тазаланды.

Кыргызстанда июндун аягына чейин катуу шамал болот. Климатологдун божомолу
Эске сала кетсек, 15-июнда саат 07:00 жана 22:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен шаары жана Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Дара айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча 42 турак үйдүн ичине, 62 турак үйдүн жер тилкесине, 92 чарба курулуштарына сел суулары кирген. 207 гектар үлүш жана эгин талааларды суу каптап, 12 даана электр мамычасын агызып, 3 көпүрө, 1,6 чакырым ички канал, 49 лоток, 18 метр темир түтүк, 2 сел тосмосу жараксыз абалга келген.

Селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат.