Алтын күтөбүз! Жаштар грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышат

Мелдеште өлкө намысын ар кайсы салмак категориясында он эркек бала жана сегиз кыз коргойт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Акжол Махмудов 19 жашта! Келечекте көптү үмүттөндүргөн балбан тууралуу 9 факты
Азия чемпионаты 17-22-июль күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтөт.

Мелдеште өлкө намысын ар кайсы салмак категориясы боюнча он эркек бала жана сегиз кыз коргойт.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги учурдун эң мыкты балбандарын тизмектеген.