Радио

Шамшидов: көбүнчө жабыркагандардын жакындары гана кан тапшырат

Кан тапшыруучу донорлор эгерде 30 жолудан кем эмес кан тапшырса, "Ардактуу донор" наамына ээ болушат.
Sputnik
Шамшидов: көбүнчө жабыркагандардын жакындары гана кан тапшырат

Көбүнчө жабыркагандардын жакындары гана кан тапшырат. Бул тууралуу Ош облустук кан борборунун директору Осмонали Шамшидов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери эки миңден ашуун жаран аталган борборго кан тапшырган.

"Өлкө аймагында көпчүлүк учурда жабыркаган жарандарга кан бергендердин 98 пайызы туугандары. 30 жолудан кем эмес кан тапшырган адамга "Ардактуу донор" наамы берилет. Жыл сайын кан борбору жана Кызыл ай коому бир же эки кишиге аталган наамды ыйгарып келет. Кан тапшыруунун аралыгы эки ай болушу зарыл. Андан эрте тапшыруу ден соолукка зыян. Аялдар жыл сайын төрт жолу, эркектер беш жолу гана кан тапшыра алат", — деди Шамшидов.

Ал белгилегендей, кандын төрт тобу болсо, жалпы өлкө аймагы боюнча алып караганда биринчи топтогулар 40 пайызды, экинчи топтогулар 28, үчүнчү топтогулар 27, ал эми сейрек кездешүүчү төртүнчү топтогулар 5 пайызды түзөт.