БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алкагында Саранск шаарында кез келген Япония менен Колумбия курамалары кызуу оюн көрсөтүштү.
Биринчи таймдын алтынчы мүнөтүндө колумбиялык Карлос Санчес топко колу тийип кеткендиктен оюндан четтетилди. Судья япониялык оюнчу Синдзи Кагавага пенальти тептирди. Натыйжада дарбазага топ кирип эсеп ачылды. Ал эми 39-мүнөттө Хуан Кинтеро гол киргизип эсепти теңеп койду. Анткен менен Юя Осако 73-мүнөттө каршылашынын дарбазасына топту киргизип Япония курамасын алдыга сууруп чыкты.
Бишкек убактысы боюнча саат 21.00дө Сенегал менен Польшанын курама командалары беттешет.