Бишкекте өкмөттүк трасса менен дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылат. Карта

Мэрия айдоочуларга алдын ала башка жолдорду белгилеп алууну эскертет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Капиталдык курулуш башкармалыгы 20-июндар тарта оңдоо үчүн борбор калаадагы үч көчөнү жаба турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Манас проспектисининин Чүйдөн баштап Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгы жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин Масалиев көчөсүнөн Ажыбек баатыр көчөсүнө чейинки тилкеси жабылмакчы.

"Реконструкциянын алкагында жолдорго жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлуп, арыктар тазаланат. Мындан тышкары, жол чийиндер түшүп, жол белгилери коюлмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Оңдоо иштери Тоголок Молдо көчөсүндө 20-августка чейин, Манас проспектисинде 30-июль, ал эми Чыңгыз Айтматов проспектисинде 30-августка чейин жүрөт.