БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта 23-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын айрым жерлеринде сел жүрүү кооптуулугу күч. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Министрлик жергиликтүү калкты жана мекеме кызматкерлерин, ишкана-уюмдарды тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экенин эскертет.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан 18-июнь күнү тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине телефонограмма жеткирилген.
Мындан тышкары, уюлдук операторлор аркылуу калк да кабардар болгону айтылды.