Польшанын футболчулары көп гол киргизип, Сенегалдан жеңилип калганда…

"Н" тобунда Сенегал менен Япония алдыга чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. – Sputnik. Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алкагында беттешкен Сенегал менен Польшанын курамалары бүйүр кызыткан оюн көрсөтүштү. 

Эки команда Москвадагы "Спартак" стадионунда кез келип, Сенегал 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. 

1 / 3
Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алкагында беттешкен Сенегал менен Польшанын курамалары бүйүр кызыткан оюн көрсөтүштү
2 / 3
Эки команда Москвадагы "Спартак" стадионунда кез келип, Сенегал 2:1 эсебинде жеңишке жетишти
3 / 3
86-мүнөттө польшалык Гжегож Крыховяк каршылашынын дарбазасына гол киргизүүгө жетишти.

Оюндун 38-мүнөтүндө польшалык Тиаго Ционек өзүнүн дарбазасына топту киргизип алса, 60-мүнөттө Мбай Ньянг гол киргизип эсепти эки эселеди. Ал эми 86-мүнөттө польшалык Гжегож Крыховяк каршылашынын дарбазасына гол киргизүүгө жетишти. 

Буга чейин "Н" тобундагы Япония Колумбия менен ойноп 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.