Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты

Негизи курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын муфтияты быйыл Курман айт 21-августка туш келиши мүмкүндүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы курман айтка жакындаганда так датасы аныктала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 14-июнда аяктап, 15-июнда орозо айт белгиленди. Бул күнү Бишкектеги эски аянтта айт намазы окулду.

Негизи курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Былтыр курман айт 1-сентябрга туш келген.