БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ош облусунун криминалдык милициясынын капитаны кабинетте жетекчисин чаап жиберди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө бул ишти Ош облусунун прокуратурасы иликтеп жаткандыгы айтылган.
"Начальник менен кызматкердин ортосундагы чатак мындан бир ай мурда болгон. Милициянын капитаны криминалдык кызматтын жетекчисин чаап жиберип, начальник ооруканага кайрылган", — деп айтышты милициядан.
Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 105-беренесинин негизинде иш козголгон.