Радио

Шамшиев: мигранттардын укугу тууралуу 120 миң китепче чыгарылган

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев мигранттар өз укуктарын билүү боюнча жетиштүү маалымат алып жатканын айтты.
Sputnik
Шамшиев: мигранттардын укугу тууралуу 120 миң китепче чыгарылган

2017-жылы мигранттардын укуктары тууралуу 120 миң китепче чыгарылды. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал китепчелер аба майданында таркатылган.

"Мигранттардын укугу тууралуу маалыматтар бүгүнкү күндө жетиштүү деңгээлде жарыяланып жатат. Ар бир жарандын жаш курагына карата маалымат алуу булактары менен иштешип келебиз. Мисалы, жаштар интернет аркылуу маалымат алгандыктан, алар үчүн атайын тиркеме даярдап чыкканбыз. Ал эми улуу муундун өкүлдөрү үчүн гезит, телевидениелерге мигранттын укугу боюнча материалдарды чыгарып турабыз. Мындан сырткары, өткөн жылы атайын бул боюнча120 миң китепче чыгарып, аба майданында таркатуу иштери жүргүзүлдү", — деди Шамшиев.

Ал ошондой эле аймактарда да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз миграция тууралуу семинарлар өтүп турарын кошумчалады.