Радио

Азымбакиев: мигранттар иштеген өлкөсүнүн эрежелерин толук билиши керек

КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев чет жакка кетип жаткандар сөзсүз түрдө ал өлкөнүн мыйзамдары менен таанышышы керектигин айтты.
Sputnik
Азымбакиев: мигранттар иштеген өлкөсүнүн эрежелерин толук билиши керек

Мигранттар болобу, туристтер болобу, айтор, чет жакка чыгып жаткан жарандар ал өлкөнүн эрежелерин толук билиши зарыл. Бул тууралуу Муратбек Азымбакиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын укуктары тууралуу маалымат интернетте кенен жазылган.

"Бүгүнкү күндө бир адам Россияга иштегени кетсе, ал учак билетин сатып алып эле жакындарын чакырып жатат. Ал өлкөнүн мыйзамдары, шарттары тууралуу маалыматты, тилекке каршы, издеп да койбойт. Кыргызстандан чет жакка кетип жаткан жарандарыбыз мигрант болобу, турист болобу, айтор, бара турган жеринин мыйзамдарын 200 пайызга билүүсү шарт", — деди Азымбакиев.

Ал жарандар укуктарын билсе ашыкча көйгөйлөр жаралбай турганын кошумчалады.