Кытайдагы велосипеддердин "мүрзөсү". Оозду ачырган беш сүрөт

План боюнча эл велосипедге өтүп экологияга оң таасир этиши керек эле.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кытайда элдин көбү унаадан велосипедге өткөндүктөн, ондогон таштанды жайлар пайда болгон.

Аталган өлкөдө ар бир жаранга велосипедди прокатка алуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Алар каалаган жерине жеткенден кийин велосипедди ой келди жерге таштап кете бере алган.

Ал эми коммуналдык кызматтар аларды жыйнап турган.

Натыйжада өлкөдө жүздөгөн керексиз велосипеддер пайда болгон. Аларга ээлик кылган компаниялар кайра сатып алгылары келген эмес. Себеби көлүктүн саны улам өсө берген.

Учурда велосипеддердин таштандысын Сямэнь, Фучжоу, Шанхай, Хэфэй жана Нанкин шаарларынан көрүүгө болот.

План боюнча эл велосипедге өтүп, бул кадам экологияга оң таасир этиши керек эле. Бирок, тилекке каршы, өлкөдө кошумча ондогон таштанды жайлар пайда болгон.