Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич — өмүр баяны

Жантөрө Сатыбалдиев 1956-жылы 6-январда Ош облусунун Мырзаке айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1979-жылы Фрунзедеги Политехникалык институттун инженер-куруучу факультетин аяктаган.
Sputnik

Эмгек жолу:

1979 — Кыргыз ССРинин Транспорт жана шоссе жолдорунун "Юждортрансстрой" башкармалыгынын жол мастери;

1980 – 1992 — "Юждортрансстрой" башкармалыгынын Алай райондук бөлүмүндө улук мастерден тарта башкаруучулук кызматка чейин иштеген;

1992 – 1996 — КРдин Автотранспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары;

1996 – 1997 — Бишкек — Ош жолун реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча дирекциясынын башчысы;

1997 – 2000 — автотранспорт жана коммуникация министри;

2000 – 2001 — Ош облусунун губернатору;

2001 – 2003 — Ош шаарынын мэри;

2003 – 2005 — президенттин электроэнергетикалык коопсуздук боюнча (вице-премьер макамындагы) атайын өкүлү;

2005 – 2006 — Жогорку Кеңештин депутаты;

2006 – 2007 — Ош облусунун губернатору, президенттин түштүк аймагы боюнча расмий өкүлү;

2008 — "Кател" ишканасынын башкы директору;

2010 – 2011 — вице-премьер, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын директору;

2011 – 2012 — президенттин аппарат жетекчиси;

2012 – 2014 — Кыргызстандын премьер-министри.

2018-жылдын 18-июнунда тарта коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен Улуттук коопсуздук комитети тарабынан камалды.