Элчи: түрк теле каналдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирде чагылдырат

Түркиянын Жаштар жана спорт министрлиги Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчуларды тандап жатат. Аларга атайын форма дагы даярдалат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жолугушууга алдыңкы түрк компанияларынын өкүлдөрү менен ишкерлер катышкан. Анын алкагында тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түрк телеканалдарында чагылдыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.

"Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземин түрк теле каналдары түз эфирде көрсөтүүгө даяр. Мисалы "Анадолу" маалымат агенттигинин кабарчылары дүйнөнүн дээрлик бардык жеринде бар. Жаңылыктар 13 тилде чыгат. Биз Көчмөндөр оюндарын дүйнө элинин билишине кызыкдарбыз", — деп элчи билдирген.

Ал ошондой эле Түркиянын Жаштар жана спорт министрлиги Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчуларды тандап жатканын кошумчалады.

Көчмөндөр оюндарынын медалынын дизайнына конкурс жарыяланды
"Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы спортчулар үчүн 600 даана кийим даярдоого каражат бөлөт. Мындан тышкары, түрк авиакомпаниялары өз учактарынын бортторунда оюндар тууралуу промороликтерди көрсөтүүгө жана расмий логотибин учактарга жайгаштырууга даяр", — деди Женгиз Камиль Фырат.

Ал эми Кубатбек Боронов Кыргызстан менен Түркия бири-бирине болгон мамилеси бекем өлкөлөр экенин белгилеген.