БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пекинге келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын самолеттун трапынан түшүп келе жатканын Япониянын Nippon телеканалынын оператору тартып алган.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын башчы Си Цзиньпинь менен жолугуп, 12-июнда болгон АКШ — Түндүк Корея саммитин талкуулап, мындан ары сүйлөшүүлөр кандай болорун мерчемдейт. Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигинин жазышынча жолугушуу 19-20-июнда өтөт.
ЖМКлардын билдиргенине караганда Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден кийин биринчи жолу Кытайга 2018-жылы 25-28-мартта бейрасмий сапар менен келип кеткен. Бирок бул тууралуу жолугушуу аяктаганга чейин маалымдалган эмес. Экинчи жолу ал Си Цзиньпинь менен 7-8-майда жолуккан.