Ошто "Балдардын оюн кербени" өттү

Аталган кербен Кант шаарынан чыгып, бардык облустарды кыдыруу пландалууда.
Sputnik

ОШ, 19-июн. – Sputnik. Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Балдардын оюн кербени" долбоорунун алкагында жеткинчектер үчүн улуттук оюн-зооктор тартууланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлдөрү билдирди.

1 / 4
Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Балдардын оюн кербени" долбоорунун алкагында жеткинчектер үчүн улуттук оюн-зооктор тартууланды
2 / 4
Аталган долбоорду БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), өкмөткө караштуу Жаштар жана спорт агенттиги, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы биргеликте уюштурган
3 / 4
Балдардын оюн кербенинде" өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери бири-бири менен таанышып, улуттук кыргыз оюндарын биргеликте ойношту
4 / 4
Катышуучулар улуттук оюндардын 25 түрү боюнча күч сынашты.

Аталган долбоорду БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), өкмөткө караштуу Жаштар жана спорт агенттиги, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы биргеликте уюштурган.

"Балдардын оюн кербенинде" өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери бири-бири менен таанышып, улуттук кыргыз оюндарын биргеликте ойношту. Катышуучулар улуттук оюндардын 25 түрү боюнча күч сынашты", — деди уюштуруучулар.

"Кербен" алгач Кант шаарына барган. Андан соң бардык облустарга багыт алып, өлкөнүн 14 шаарын жана айылдарын кыдыруусу пландалууда.

Кербендин сапары 30-июнда Бишкек шаарында жыйынтыкталат.