Чыңгыз Анарбек уулу — өмүр баяны

Чыңгыз Анарбек уулу 1990-жылы 22-апрелде Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган.
Sputnik

2003-жылы Кош-Добо айыл аймагынын Семет айылындагы Ш.Тойматов атындагы орто мектебинен 6-классты аяктап, Бишкек шаарына үй-бүлөсү менен көчүп кеткен.

Эмгек жолу:

Борбор калаада Эркин экономикалык аймагында жумушчу катары иштеген. Мындан сырткары "Дордой" базарында жүк жүктөп эмгектенген.

2010-жылдан кийин Россиянын Москва шаарына барып, кафе-ресторандарда ашпозчу болуп иштеген.

2018-жылдын май айында ижарага унаа алып, такси иштеткен компанияга жумушка орношкон.

Спорттогу жетишкендиктери:

Бишкекте бокс менен эки жыл машыгып, аймактар аралык мелдештерге катышкан.

2017-жыл, октябрь — Россиянын Сочи шаарында өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду алган.

2017-жыл, 10-декабрь — Россиянын Тверь облусуна барып күжүрмөн самбо боюнча эл аралык мелдешке катышкан.

2018-жыл, 10-май — Россиянын Кисловодск облусунда Спорттун оксуз кармашуу түрүнөн жарым финалга чейин оюн көргөзгөн.

Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.