УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен туркомпаниянын жетекчиси кармалды

Колго түшүрүлгөн кишинин чет элдик экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берип жаткан жеринен Л.А.С. аттуу чет элдин жаран кармалды. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Эки күндө 60 миң сом "тапкан" кайгуулчулар! Башкы прокуратура иш козгоду
Билдирмеге караганда, туристтик компаниялардын биринин жетекчиси УКМК кызматкерине ири өлчөмдөгү пара берүү менен кыргыз визасын алуу маселесин чечүүгө аракеттенген.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренсинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козгоду.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Азыркы убакта иликтөө улантылып жатат.