Швеция курамасы пенальти тээп Түштүк Корея командасын жеңип алды

Оюн учурунда арбитр видео жазылманы кайталап көрүүгө аргасыз болду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Футбол чемпионатында Швеция курама командасы түштүк кореялыктарды 1:0 эсебинде жеңип алды.

F тобундагы командалардын беттеши дүйшөмбү күнү Нижний Новгород шаарында өттү.

1 / 3
Россияда өтүп жаткан Футбол чемпионатында Швеция курама командасы түштүк кореялыктарды 1:0 эсебинде жеңип алды.
2 / 3
F тобундагы командалардын беттеши дүйшөмбү күнү Нижний Новгород шаарында өттү.
3 / 3
Эки команданын кармашы кызуу өткөнү менен экинчи таймда гана (65-мүнөттө) Андреас Гранквист пенальти тээп гол киргизди.

Эки команданын кармашы кызуу өткөнү менен экинчи таймда гана (65-мүнөттө) Андреас Гранквист пенальти тээп гол киргизди.

Түштүк Кореянын оюнчулары эсепти теңөө аракетинен майнап чыккан жок.