Ошто жашоочуларга көгүлтүр от берүү бир күнгө токтотулат

Чектөөлөр Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында жүргүзүлөт
Sputnik

ОШ, 19-июн. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын "Ошгаз" филиалы билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө саат 8:00дөн 17:00гө чейин болмокчу

Ишканадан мындай аракеттер оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экенин айтышты.