БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россияда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан учурда Мексикада жер титирөө катталды. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги жазып чыкты.
Сейсмологдор Мексиканын курама командасы дүйнөнүн учурдагы чемпиону — Германиянын дарбазасына гол киргизген учурда жер силкингенин байкашкан. Мексикалыктар беттеште жеңишке жеткен болчу.
"Жер титирөө жасалма негизде болгон. Ага адамдардын массалык түрдө секиргени себеп болушу ыктымал", — деп жер титирөөлөргө мониторинг жүргүзгөн SIMMSA уюмунан билдиришти.
Өлкөнүн борбору Мехикодо эле кечээ күнү, 17-июнда, 75 миң адам чогулган.