Кытайда скутерди айдап кеткен "арбак" элди дүрбөлөңгө салды. Видео

Кытайда жол боюна токтотулган скутер жанынан өтүп бараткандарды жана соцтармактын пайдалануучуларын дүрбөлөңгө салды.
Sputnik

Англия: эски сепилдин үстүнөн чаап бараткан "арбак" видеого түшүп калды
Окуянын видеосун The Daily Mail жарыялаган. Тасмада эки дөңгөлөктүү көлүк ээси тарабынан токтотулгандан кийин да беш жолу ошол жерди айланып барып капталына оодарылып калган. Бактыга жараша, ал маалда жолдо эч бир унаа болгон эмес.

Окуя Кытайдын Хэнань провинциясында болгон. Кийинчерээк маалым болгондой, кытайлык киши скутерден ачкычын албай түшүп кеткен.

Буга чейин Англияда аял велосипед тээп жүргөн уулунун артынан "арбак" жүргөнүн тартып алган.