Радио

Максутов: Көчмөндөр оюндарында эл аралык эпостор фестивалы өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов алдыда өткөрүлчү иш-чара маданий, спорттук жана илимий болуп, негизги үч багытка бөлүнөрүн айтты.
Sputnik
Максутов: Көчмөндөр оюндарында эл аралык эпостор фестивалы өтөт

Көчмөндөр оюндарында Эпостордун эл аралык фестивалы өтөт. Башка улуттагы көчмөн калк да келип, өз эпосторун айтышат. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар" темасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башка көчмөн элде "Манас" сыяктуу чоң болбосо да айтылып жүргөн майда эпостору бар.

"Быйыл мурдагы жылдары өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндарынан айырмаланып, эпостор фестивалын да уюштуруп жатабыз. Тектеш элдерден бул өнөр ээлерин да чакырдык. Элге убагында кызык болушу үчүн азырынча көп нерсе айта албайбыз, бирок бул жылы мурдагы оюндарга салыштырмалуу көп өзгөрүүлөр бар", — деди Максутов.

Ал мындан сырткары байыркы улуттардын жоокердик өнөрү да уюштуруларын кошумчалады.