"Коркут Ата" спектакли Алматыда калыстардын атайын сыйлыгына татыды

Фестивалда КМШ жана Европа өлкөлөрүнөн чогулган 14 театр ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстанда драматург Кайрат Иманалиевдин спектакли жогору бааланды. Бул тууралуу Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алмата шаарында 10-16-июнь күндөрү SAMGAU VI эл аралык театр фестивалы өткөрүлдү. Сынакка Иманалиев "Коркут Ата" спектакли менен катышып, Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актерлору ойногон чыгарма "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" номинациясына татыды. Фестивалда жалпы жонунан КМШ жана Европа өлкөлөрүнөн чогулган 14 театр ат салышты.

Нарын драма театры Казакстандагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты
Аталган спектакль буга чейин бир топ эл аралык фестивалдарга да катышып, байгелүү орундарды алып келген.

"Коркут Ата" — оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун, акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Коркут жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, IX кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат. Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.