Апта ирмеми: күйөрман кыздардан жанаша баскан Трамп менен Ким Чен Ынга чейин

Sputnik

Москвадагы "Лужники" стадионунда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы болду. Аземге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Бишкекте ыйык Рамазан айынын аякташына карата Айт намаз окулду. Ага 40 миңге чукул мусулман катышты.

Жашагыңды келтирет! Футбол чемпионатында күйөрмандык кылган сулуулар
Тарыхта биринчи жолу Сентос (Сингапур) аралында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушту.

Масая шаарында (Никарагуа) демонстранттар менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышты. Өкмөткө каршы акциянын кесепетинен каза болгондордун саны 200гө жетти.

Санкт-Петербургда (Россия) "Гүлдөрдүн парады" болуп өттү.

Футбол чемпионатынын алгачкы оюнун Россия менен Сауд Аравиянын командалары баштап берди.

Доверде (АКШ, Делавер штаты) Firefly музыкалык фестивалы өттү.

1 / 16
Гавайидеги Пахоа аймагында Килуаэа жанар тоосунан атылып чыккан лава
2 / 16
Белоруссиядагы Дудутки музей комплексинде өткөн "Свята Сонца — 2018" фестивалына катышкан артисттер
3 / 16
Санкт-Петербургда өткөн "Гүлдөрдүн парады" жүрүшүнүн катышуучусу
4 / 16
Тарыхта биринчи жолу Сентос (Сингапур) аралында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушту
5 / 16
Москвадагы "Лужники" стадионунда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы болуп өттү. Ага британиялык аткаруучу Робби Уильямс, опера жылдызы Аида Гарифуллина жана бразилиялык футболчу Роналдо катышты
6 / 16
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Футбол чемпионатынын ачылышында
7 / 16
Жума, 15-июнь күнү, 40 миңге чукул мусулман Бишкектеги эски аянтка Айт намаз окуу үчүн келишти
8 / 16
Нью-Делидеги (Индия) мусулмандардын ыйык Рамазан айынын аякташына байланыштуу Жама-Масджид мечитиндеги сыйынуу учуру
9 / 16
Испаниялык Рафаэль Надаль Францияда өткөн теннис боюнча чемпионатта 11-ирет жеңүүчү аталды. Ал финалдык бөлүктө австриялык каршылашы Доминик Тимди жеңип алды. Спортчу "Чоң шлемдин" турниринде 17-ирет жеңишке жетишип отурат
10 / 16
Германиядагы Айзенберг шаарындагы аткан таң
11 / 16
Масая шаарында (Никарагуа) демонстранттар менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышты. Өкмөткө каршы акциянын кесепетинен каза болгондордун саны 200гө жетти
12 / 16
Россиянын футбол курама командасын сүрөгөн күйөрман
13 / 16
Вина-дель-Мар (Чили) паркындагы колибри чымчыгы
14 / 16
Бангладештеги качкындар үчүн уюшулган Кокс-Базар лагериндеги өспүрүмдөр балык уулоочу кайыкта
15 / 16
Майсендеги (Германия) Zemmler Siebanlagen машина куруу заводундагы жумушчу
16 / 16
Доверде (АКШ, Делавер штаты) Firefly музыкалык фестивалы өттү