Бразилия жана Швейцария футболчуларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады

Беттеш Ростов-на-Дону шаарында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Бразилия жана Швейцария командалары күч сынашып тең чыкты. 

Беттеш Ростов-на-Дону шаарында өттү. 

Футбол. ЧМ-2018. Матч Бразилия - Швейцария

Оюндун 20-минутасында бразилиялык Филиппе Коутиньо атаандаштарынын дарбазасына топ киргизип эсеп санын ачууга жетишти. Биринчи бөлүк ушуну менен өзгөрүүсүз аяктады. Ал эми экинчи таймда (50-мүнөттө) швейцариялык оюнчу Стивен Цубер да каршылаш дарбазага бир топ киргизип эсеп санын теңеп койду. Жыйынтыгында 1:1 эсебинде оюн тең чыгуу менен аяктады. 

Футбол. ЧМ-2018. Матч Бразилия - Швейцария