Талкалады! Бельгиянын курама командасы панамалыктарды жеңди

G тайпасындагы командалардын оюну Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бельгиянын курама командасы Панаманын оюнчуларын Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3:0 эсеби менен жеңип алды. 

G тайпасындагы командалардын оюну Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда өттү.

1 / 2
Бельгиянын курама командасы Панаманын командасын Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3:0 эсеби менен жеңип алды.
2 / 2
Биринчи топту бельгиялык жарым коргоочу Дрис Мертенс беттештин 47 мүнөтүндө киргизди. Андан кийинки жеңиштүү кадамды чабуулчу Ромелу Лукаку оюндун 69 жана 75-мүнөтүндө жасады.

Биринчи топту бельгиялык жарым коргоочу Дрис Мертенс беттештин 47-мүнөтүндө киргизди. Андан кийинки жеңиштүү кадамды чабуулчу Ромелу Лукаку оюндун 69 жана 75-мүнөттөрүндө жасады.

Атаандаштарына Панаманын командасы жарытылуу жооп бере албаганы менен оюн аяктап бара жатканда үмүт жараткан ирмемдер болуп, бельгиялык дарбазачы Тибо Куртуа аз жерден топту киргизип ала жаздады.

Айтмакчы, Борбор Азия мамлекеттеринин командалары дүйнөлүк биринчиликтин финалдык бөлүгүнө алгачкы ирет катышат. 

​Бүгүн Россияда өтүп жаткан Футбол чемпионатында F тайпасында ойногон Швеция курама командасы түштүк кореялыктарды 1:0 эсебинде жеңип алды.