Ала-Бука: унаада зордукталган бүтүрүүчү кыз. Шектүү кармалды

Кылмышка шектүү катары кармалган 25 жаштагы жигит эки айга камакка алынды.
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 18-июн. – Sputnik. Ала-Бука районунда өз унаасында 11-классты аяктап жаткан кызды зордуктоого аракет кылган делип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районундагы айылдардын биринин жашоочусу жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, кызынын дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.

Баткен: 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Шектүү Россиядан алып келинди
Арызда 14-июнь күнү саат 20:30дар чамасында анын 11-классты аяктап жаткан кызы өз үйүнөн кошунасыныкына сабакка даярданам деп чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Милиция дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштеринин жана ыкчам маалыматтардын натыйжасында таап, 15-июнга караган түнү кызды бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы киши күч колдонуп зордуктаганын аныктаган.

Кылмышка шектүү катары Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 25 жаштагы А.Э. аттуу жашоочусу кармалган. Кылмыш анын Ford Focus унаасында жасалганы белгилүү болду.

Шектүү РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечиминин негизинде эки айга камакта калтырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.