Жамбылда поезддин кырсыкташынын алдын ала себеби айтылды

Алдын ала маалымат боюнча машинист поездди чукул токтотууга аракет кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Казакстандын инвестиция жана өнүгүү министрлиги Жамбылдагы поезддин кырсыкка эмне себептен кириптер болгонун айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Пассажирский поезд сошел с рельсов в Казахстане. Съемка с места ЧП

Эскерте кетсек, 17-июнь күнү Астана — Алматы багыты боюнча жүргүнчү ташып келе жаткан поезддин алты вагону рельстен чыгып, үчөө бир капталына оодарылып калган. Анын кесепетинен бир өспүрүм каза таап, дагы үч киши ооруканага жеткирилгени айтылган.

"Машинист рельстин кыйшайып калганын көрүп, поездди чукул токтотууга аракет кылган. Поезд ошондон улам кырсыкка учураган", — деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.