Ысык-Көл облусунда волейбол боюнча фестиваль өтөт

Турнир беш категорияда өткөрүлөт. Командада сегиз оюнчу машыктыруучусу менен болууга тийиш.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда волейбол боюнча фестиваль боло тургандыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Колу Коконго, буту Букарга жеткен оюнчулар. Учурдун мыкты волейболчулары кимдер?
Мелдеш 7-8-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Ысык-Көл облусунун беш району менен Балыкчы, Каракол шаарларынын командалары катышат.

Турнир беш категорияда өткөрүлөт. Командада сегиз оюнчу машыктыруучусу менен болууга тийиш.

Фестиваль КРдин жана Ысык-Көл облусунун волейбол федерациясы тарабынан уюштуруулууда. Максаты — калкты дени сак жашоого үндөө.