Радио

Бообекова: келиндүү болууга кайнене да психологиялык жактан даярданышы керек

Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова баш кошууда эки жаш шашпай бири-бирин жакшылап таанышы керектигин айтты.
Sputnik
Бообекова: келиндүү болууга кайнене да психологиялык жактан даярданышы керек

Үй-бүлө курууда бир гана кыз-жигит эмес, алардын жакындары да психологиялык жактан даяр болушу шарт. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ажырашуулар аялы же күйөөсү үй-бүлөлүк жоопкерчиликти сезбегендиктен улам болууда.

"Үй-бүлөнү сактоого эки тарап тең аракет кылышы керек. Үй-бүлөнүн бактылуулугу дайыма эмес, белгилүү бир учурларда гана болот. Баш кошууга жаштар шашпай, бири-бирин жакындап таанып, аң-сезими даяр болгондо гана кадам таштоосу зарыл. Үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүүгө көзү жетип, жоопкерчиликти сезе билүүсү маанилүү. Эгер эки жаш, же келиндин кайната, кайнене моралдык жактан даяр болбосо, анда ал үй-бүлө кыска мөөнөттө эле чачырап кетиши мүмкүн", — деди психолог.

Ал ишеним жана колдоо үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдеп турарын кошумчалады.