БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москванын чок ортосунда жөө адамдарды сүзгөн 28 жаштагы кыргызстандык жаран автоунааны айдап баратып педалын алмаштырып алган. Бул тууралуу ал өзү укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берип жатып билдирди.
Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтына айдоочунун укук коргоо орган кызматкерлерине көрсөтмө берип жаткан видеосу жарыяланган.
Буга чейин Москвада Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанынан жөө адамдарды такси унаасы коюп, сегиз адам жабыркаганы айтылган. Андагы жол кырсыгынан Россия, Мексика, Азербайжан жана Украинанын жарандары жабыркаган.
Айдоочунун айтымында, окуя болгонго чейин ал 20 сааттай уктаган эмес.
"Окуя кандай болуп кеткендигин билбей калдым. Бир-эки секунд ичинде эле болуп кетти. Машинаны токтотоюн деп жатып газды басып алыптырмын. Корконуман качып кеттүүгө аракет кылдым. Мындай болуп кеткенине аябай өкүнөм. Ошол учурда мен кардарга бараткам, аны жеткирип коюп үйгө эс алганы кетмекмин. Себеби ага чейин 20 сааттай уктаган эмесмин",—деди ал.
Учурда сегиз адам жабыркаган жол кырсыгы боюнча РФтин Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы такталууда.
Элчилик Москвадагы такси компаниясы менен байланышкан. Алар айдоочу 1990-жылы туулган А. уулу Ч. аттуу Кыргызстандын жараны экенин тастыкташкан.