Москвада адамдарды коюп кеткен айдоочу кыргызстандыкпы? Элчиликтин жообу

Жол кырсыгы Москванын чок ортосунда болгон. Айдоочу жөө адамдарды коюп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москванын чок ортосунда жөө адамдарды коюп, качып кетүүгө аракет жасаган киши Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты. 

Элчилик Москвадагы такси компаниясы менен байланышкан – алар айдоочу 1990-жылы туулган А. Уулу Ч. аттуу Кыргызстандын жараны экенин тастыкташкан. 

Буга чейин Москвада Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанынан жөө адамдарды такси унаасы коюп, сегиз адам жабыркаганы айтылган.

​Айдоочу качып кетүүгө аракет жасаган, бирок көпкө узабай колго түшүрүлгөн.

Окуя теракты деп бааланган жок, айдоочу рулду башкара албай калгандыгы айтылды.