ТИМ: Жамбылда кырсыктаган поездде жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы бала каза таап, 11 адам жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Казакстанда рельстен чыгып кетип кырсыктаган поездде жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстандын Астанадагы элчилик тиешелүү органдар менен байланышып, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын ичинде КРдин жарандары болгон эмес. 

Жамбылда поезддин кырсыкташынын алдын ала себеби айтылды
Эске сала кетсек, 17-июнь күнү жергиликтүү убакыт боюнча 13.25 чамасында Астана — Алматы багыты боюнча жүргүнчү ташып келе жаткан поезддин алты вагону рельстен чыгып, үчөө бир капталына оодарылып калган. Анын кесепетинен 12 жаштагы бир бала каза таап, 11 адам жабыркаган.

Каргашалуу окуя боюнча коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгү (темир жол, аба, деңиз, кичине өзөн транспортунун эксплуатациясын жана коопсуздук эрежесин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери уланууда. 

Пассажирский поезд сошел с рельсов в Казахстане. Съемка с места ЧП